Ссылки доступа

Активисттер Арон Атабектин өлүмүнө байланыштуу көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда


Казакстандык активисттер 24-ноябрда жүрөгү токтоп калган диссидент, акын Арон Атабектин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү талап кылышты.

"Негизги суроолор: Ал киши эмнеден улам кайтыш болду? Денесинде уулануунун белгиси барбы? Дени сак, бекем адам соңку жети айда кантип ушундай абалга келди? Колдорун көтөрө албай, сүйлөй албай калган. 85 килограмм болгон адам 50 килограмм болуп калды. Мунун себебин экспертиза аркылуу аныктагыбыз келет", - деди Муратбек Эсенгазы.

Активист Биржан Толеубекулы билдиргендей, түнүчүндө моргдо бир нече киши нөөмөткө турган. Алар көптөгөн полициячыларды жана атайын бөлүктүн кызматкерлерин байкашкан. Маалыматка караганда, экспертиза, бүгүн, 25-ноябрда өтөт.

Атабек деген адабий ысымы менен белгилүү акын 23-ноябрда шаардык ооруканалардын биринде көз жумду. Ал коронавирус инфекциясы өтүшүп кеткенден кийин 20-октябрда реанимацияга жаткырылган. Кийин комага түшүп, жасалма дем алдыруучу жабдыкка туташтырылган.

Өмүрүнүн акыркы 15 жылын Атабек түрмөдө өткөргөн. Ага 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айып тагылып, 18 жылга кесилген. Атабек күнөөсү жоктугун айтып келди. 2012-жылы айыпты моюнга алып, бийликтен ырайым суроо сунушунан баш тарткан.

Быйыл 1-октябрда "саламаттыгына байланыштуу" деген аныктама менен абактан бошотулган.

Маркум түрмөдө аны сабап, кыйнап, начар шартта кармашканын айтып келген. Атабек аны "өлсүн" деп кое беришкенин айтканы бар.

Укук коргоочу уюмдар акынды саясий туткун деп таанышкан.

XS
SM
MD
LG