Ссылки доступа

Тоолуу-Бадахшандыктар Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында нааразылыкка чыгышты


Жерлиги Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунан болгон жүздөй киши 25-ноябрь күнү кечинде Москвадагы Тажикстан элчилигинин алдында топтолду.

Алар Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн операциясынын натыйжасында Рошткала районунун Шохдар айылынын тургуну Гулбидин Зиёбеков өлтүрүлгөнүнө нааразылык билдиришти.

Андан мурдараак Рошткала районунун жана Хорог шаарынын ондогон тургундары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратынын алдына нааразылыкка чыгышкан. Алар 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү кармап, жоопко тартууну талап кылышкан. Нааразы топ маркумдун сөөгүн акимчиликтин имаратына алып келген.

Москвада нааразылыкка чыккандардын бири Хорогдогу митингден кийин бийлик аймакта интернет менен мобилдик байланышты өчүрүп салганын айтты.

“Биз Душанбедеги бийликтен аймак менен байланышты калыбына келтирип, Зиёбековдун өлтүргөндөрдү таап, жазалоону талап кылабыз”, - деди.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы 25-ноябрда Шохдар айылында Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн Зиёбековду кармоо боюнча укук коргоо органдары тарабынан операция жүргүзүлгөнүн тастыктады. Ал Кылмыш кодексинин "Барымтага алуу жана улуттар аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталган.

Нааразылыкка чыккандар тажик бийлигинин билдирүүсүнө ынанган жок. Алар талаптар орундалбаса, Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдындагы акция улана турганын айтышты.

XS
SM
MD
LG