Ссылки доступа

Хорогдогу башаламандыктан үч киши өлдү


Хорогдогу башаламандыктан өлгөндөрдүн саны үчкө жетти. Ондогон кишилер ар кыл деңгээлдеги жаракат алышты. Алардын арасында Тажикстан күч түзүмдөрүнүн беш кызматкери бар. Бул тууралуу “Озоди” радиосунун өз булактары билдирди.

26-ноябрь күнү таң эрте Хорог жана ага жакын райондордун тургундары Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун администрациясынын алдында нааразылык акцияларын улантышты. Митингчилер түндө мэриянын имаратынын жанындагы аянтта түнөшкөн. Алар 29 жаштагы Гулбиддин Зиёбековду өлтүргөндөрду кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда. Кечээ нааразы топ маркумдун сөөгүн акимчиликтин имаратына алып келишкен.

Аймак жетекчилиги менен нааразылык акциясына чыккандар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан-жатпаганы белгисиз.

Кечээ облустук администрациянын имаратынын алдында нааразы топ менен күч түзүм кызматкерлери кагылышкан. Анын натыйжасында бир нече киши жаракат алган. “Озоди” радиосунун өз булагы билдиргендей, жаралангандардын экөө ооруканада жан берген. 26-ноябрь күнү эртең менен Гулбиддин Зиёбековду кармоо операциясы учурунда ок жеген Гулназар Муродбеков кайтыш болду.

Тажикстан Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, башаламандык учурунда жергиликтүү коопсуздук башкармалыгынын үч кызматкери, милиционер жана прокуратура кызматкери жарадар болду.

Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун прокуратурасынын билдирүүсүндө Гулбиддин Зиёбеков уюшкан кылмыштуу топтогу шериктери менен 2020-жылы 1-февралда Рошткалин районунун прокурорунун жардамчысын барымтага алганы, сегиз саат бою аны кыйнаганы айтылат.

Рошткалин районунун жашоочуларынын биринин айтымында, прокурордун жардамчысы аймактагы келинге асылып, интимдик катнашка барууну сунуштаган. Буга байланыштуу Зиебеков аны сабап таштаган.

“Анда Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун мурдагы башчысы Ёдгор Файзов жаңжалды тынч жол менен чечкен: прокурор видеокайрылуу жасап, Бадахшан жашоочуларынан кечирим сураган”, - деди ал.

Маалыматтарга караганда, ушул тапта Хорогдо интернет бөгөттөлгөн мобилдик байланышка чектөө киргизилген.

XS
SM
MD
LG