Ссылки доступа

Алматыда Арон Атабек акыркы сапарга узатылды


26-ноябрда Алматыда эки күн мурун кайтыш болгон диссидент, акын Арон Атабекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Арон Атабектин жаназасы карындашынын үйүндө окулду. Алматыда аба ырайынын начардыгына карабай, акын менен коштошуу үчүн жүздөгөн кишилер келди. Алардын арасында активисттер, коомдук ишмерлер бар.

Акын коронавирус инфекциясы өтүшүп кеткенден кийин 20-октябрда реанимацияга жаткырылган. Кийин комага түшүп, жасалма дем алдыруучу жабдыкка туташтырылган.Ал 24-ноябрда өмүр менен кош айтышкан.

Өмүрүнүн акыркы 15 жылын Атабек түрмөдө өткөргөн. Ага 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айып тагылып, 18 жылга кесилген.

Атабек күнөөсү жоктугун айтып, темир тор артынан да чыгармачылыгы аркылуу Казакстан бийлигин сындап келди.

Быйыл 1-октябрда "айккыс ооруга чалдыгып, саламаттыгы начарлаганына байланыштуу" деген аныктама менен абактан бошотулган. Калган мөөнөттү эркиндигин чектөө менен алмаштырышкан.

Маркум түрмөдө аны сабап, кыйнап, начар шартта кармашканын айтып берген.

Августта Кыйноолордун алдын алуу улуттук уюмдун катышуучулары Павлодардагы абакка барып, анын абалы менен таанышкан. Тааныгыс болуп арыктаган, териси менен сөөктөрү калган диссиденттин сүрөттөрү нааразылыктын толкунун жаратып, аны бошотуу чакырыктары көбөйгөн.

Видео

XS
SM
MD
LG