Жогорку Кеңеш камакта жаткан Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулуп карамак. Бирок кворум чогулган эмес.
Эки депутаттар "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узарткан.
Ал эми Бакытбек Жетигенов "Бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалып, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалган.