Ссылки доступа

Өзбекстанда коррупцияга байланышкан кылмыштар үчүн жаза күчөтүлүшү мүмкүн


Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги парламенттин мыйзам чыгаруу палатасына "Жемкорлукка байланышкан кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү жөнүндө" мыйзам долбоорун алып чыкты. Бул туураулу 2-декабрда мекеменин башчысы Акмаль Бурханов билдирди.

Мыйзам долбоорунда "коррупциялык кылмыш" түшүнүгү так ажыратылып, ага кылмыштардын 15 түрү киргизилген. "Кылмыш кодексине сунушталып жаткан эң негизги өзгөртүү — бул жемкорлукка байланышкан кылмыштар үчүн жазаны кескин катаалдаштыруу", — деди Бурханов.

Анын айтымында, ысырап кылуу же акча кымырып алуу, ошондой эле кызмат абалынан кыянат пайдаланууга байланышкан алдамчылык үчүн 10 жылга чейин (азыркы мыйзамда 5 жылга чейин) эркинен ажыратуу жазасы сунушталууда.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда пара алгандарды же бергендерди, ошондой эле жемкорлукка ортомчу болгондорду 20 жылга чейин соттоо жазасы сунушталган.

Ошол эле маалда документте паракорлукка байланышкан кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгы жана алардын өкүмдөрү кыйла жеңилирээк өкүмдөргө алмаштырылбай тургандыгы белгиленген.

Акмал Бурханов мыйзам долбоорунда коррупцияга каршы мыйзамдардын маанилүү бөлүгү болуп эсептелген саясий паракорчулук, тууганчылык жана кызыкчылыктардын кагылышуусу сыяктуу аныктамалар бар же жок экенин тактап айткан жок.

XS
SM
MD
LG