Ссылки доступа

Ташкент менен Нур-Султан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу тууралуу макулдашууга кол койду


Өзбекстан менен Казакстандын өкмөттөрү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашты. Тиешелүү документке өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Нур-Султанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлду.

Акордонун маалыматына караганда, 6-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылар Союздук мамилелер тууралуу декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары тараптар тез ылдамдыктагы Түркстан-Чымкент-Ташкент темир жол магистралын куруу боюнча "макулдашууга жетишкени", ошондой эле Үчкудук-Кызылордо темир жол линиясы боюнча "болжолдуу макулдашууга кол коюшканы" кабарланды.

Бул Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайлангандан кийинки чет өлкөгө болгон алгачкы мамлекеттик сапары.

2020-жылы 1-майда Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычынын дамбасы жырылганда алты киши каза болуп, аймактагы 70 миңге жакын тургун эвакуацияланган. Бул кырсыктан улам Казакстандын Түркстан облусунда да он миңдеген адам эвакуацияланып, кеминде беш айыл зыянга учураган. Расмий маалыматтарга ылайык, анда жалпысынан 849 үй жарактан чыккан. Мындан тышкары суу 7 миң гектардан ашык айдоо жерин жууп кетип, 300гө жакын баш мал өлгөн.

Түркстан облусундагы Мактаарал районунда техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстар министринин орун басары Сергей Громов Ташкент Сардоба суу сактагычын казак тараптын макулдугусуз эле курганын билдирген.

XS
SM
MD
LG