Ссылки доступа

Тажикстанда өспүрүмдөр жыл бою аскердик комиссариаттарга чакырылып турат


Тажикстанда күзгү аскерге чакыруу планы толук аткарылды. Ошол эле маалда аскер курактагы өспүрүмдөр жыл бою аскердик комиссариаттарга чакырылып турат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим "Аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу" жаңы мыйзамдын кабыл алынганы байланыштуу. Буга чейин өлкөдө аскердик чакыруу өнөктүгү жылына эки гана жолу — жазында жана күзүндө жүрүп келген.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадализоданын айтымында, жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен эми аскер курагындагы студент же мигрант болбосун, өлкөгө келген учурда документтерди толтуруу жана аскердик каттоого алуу үчүн жыл бою комиссариаттарга чакырылып турат.

Жаңы мыйзам менен быйыл Тажикстанда альтернативалык негизде аскердик кызмат өтөө тартиби да киргизилген. Ага ылайык, армияда кызмат өтөөнү каалабаган өспүрүмдөр мамлекетке 25 200 сомони (2,2 миң доллар) төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет ала алышат.

Тажикстанда 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат.

XS
SM
MD
LG