Ссылки доступа

Кытай Бээжин Олимпиадасына дипломатиялык бойкот жарыялоо тууралуу АКШнын чечимине жооп берди


Кытайдын бийлиги Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына "дипломатиялык бойкот" жарыялоо тууралуу Вашингтондун билдирүүсүнө жооп берди.

АКШнын чечимине ылайык, ачылышына Кытайдын башчысы Си Цзиньпинь катыша турган Олимп оюндарына президент Жо Байден да, башка жогорку кызматтагы аткаминер менен дипломаттар да барбайт. АКШ делегациясынын курамында спортчулар менен машыктыруучулар гана болот.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь "Бээжин Вашингтонго нааразылыгын билдирип, кескин каршы чаларды көрөрүн" билдирди.

"АКШнын бул чечими Олимпиада хартиясы бекиткен дене тарбия менен спорттун саясий нейтралдуулугу принцибин бузат", — деди ал.

Кытайдын АКШдагы элчилигинин сайтына жарыяланган билдирүүдө "америкалык саясатчылар Олимп оюндарына чакырыла электе эле дипломатиялык бойкотту пропаганда кылып жатышканы" жазылган. Анда Вашингтондун бойкот тууралуу билдирүүсү "саясий манипуляция", "чектен чыккан саясий чагымчылдык" жана "1,4 миллиард кытай элин олуттуу кемсинтүү" катары мүнөздөлгөн.

Мировые СМИ спорят, нужно ли бойкотировать зимнюю Олимпиаду в Китае
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Бээжин Олимпиадасына дипломатиялык бойкот жарыялоо чечимин Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулман азчылыгына карата басым жасап жатканы жана адам укуктарын одоно бузган башка аракеттери менен түшүндүргөн.

Бүгүнкү күнгө карата АКШнын дипломатиядык бойкотуна Жаңы Зеландия менен Литва кошулду. Бул өлкөлөрдүн өкүлдөрү да бойкоттун себеби катары "адам укуктарынын сакталбай жатканын" айтышты. Улуу Британия, Канада жана Австралия дипломатиялык бойкот жарыялоо маселеси каралып жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG