Ссылки доступа

Нур-Султан соту активист Сауле Сейдахметованы 10 суткага камады


13-декабрда Нур-Султандын административдик соту кранчылардын маселесин көтөрүп жүргөн активист Сауле Сейдахметованы “мыйзамсыз митингге катышты” деген айып менен 10 суткага камады. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык соту кабарлады.

Маалыматка караганда, 55 жаштагы Сейдахметова жыл бою бир нече ирет “мыйзамсыз митингге катышты” деп айыпталып, камалган.

Кран машинистти Сауле Сейдахметова быйыл бир нече ирет кранчылардын нааразылык акцияларына катышкан. Январда ал мыйзамсыз митингге катышуу айыбы менен 10 суткага камалып чыккан. Сейдахматова полициянын ур-токмогуна кабылганын айткан.

Казакстанда укук коргоочулар 16-декабрды – Эгмендик жана Жаңы-Өзөн окуясы болгон күндү утурлай активисттер кармалып жатканын айтышууда. Азыркы тапта 12 киши кармалып, камакка алынды. Казакстанда даталуу күндөрү активисттерди кармоо адатка айланган.

XS
SM
MD
LG