Соцтармактарда тараган бул маалыматты Өзбекстандын Миграция агенттиги тастыктады.
Агенттиктин билдиришинче, бүгүнкү күндө маркумдардын ДНК анализдеринин жыйынтыгы чыга элек, ошондуктан аларды таануу мүмкүн болбой жатат.
Орусия мыйзамдарына ылайык, сөөктөрдү мамлекеттик уюм жүргүзгөн ДНК-тесттердин жыйынтыгы чыккандан кийин гана Тергөө комитетинин уруксаты менен алып кетүүгө болот.
Соцтармактардагы маалыматтарга караганда, маркум өзбекстандыктардын сөөгүн өлкөгө жеткирүүгө каражат жетишсиз болууда жана бул үчүн мигранттар акча чогултуп жатышат.
13-декабрда Солнечногорск шаарындагы өрттөн 23төн 52 жашка чейинки төрт өзбекстандык мигрант каза болгон.