Ссылки доступа

Байкоңурда үч кызды жарадар кылууга шектелген 9 киши кармалды


Байкоңур шаарынын четинеги Төретам айлында үч кызды жарадар кылууга шектелген 9 киши кармалды. Бул тууралуу КазТАГ агентти кабарлады.

Кызылордо облустук полиция департаменти тараткан билдирүүдө ыкчам иликтөө аракетинин натыйжасында сегиз киши кармалганы, мындан бөлөк курал колдонгон негизги шектүү да колго түшүрүлгөнү айтылат.

Маалыматка караганда, негизги шектүүнүн куралы алынган, тиешелүү экпертиза дайындалган. Шектүүлөрдүн баары тергөө изоляторуна камалды.

Окуя 15-декабрда Кызылордо облусуна караштуу Төретам айлында болгон. Кечки саат алты чамасында жаш жигиттер жаңжалдашып, курал колдонулган. Натыйжада аялдамада автобус күтүп турган үч кыз жаракат алган. Алар дароо ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирөө ошол эле күнү үйүнө жөнөтүлгөн, экөө – дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда алардын абалы туруктуу.

Полиция “Киши өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштады.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG