Ссылки доступа

Кремль журналисттерди дезинфекциялоого 1,4 млн рубль коротту


Орусия президентинин иш башкармалыгы Владимир Путиндин маалымат жыйынына келген журналисттерди дезинфекциялоого 1,4 миллион рубль коротту.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, бул суммага кире беришке орнотулган алты дезинфекциялык кабинанын эки күндүк ижарасы жана кабинадан өткөн ар бир кишиге чачылган күмүш бөлүктөрү бар каражат кирет. "Медуза" басылмасы күмүштү мындай түрдө колдонууга сунуш берген бир дагы медициналык уюм жок экенин жазды.

Бардыгы болуп Путин менен журналисттердин жолугушуусун уюштурууга президенттин иш башкармалыгы 117 миллион рубль короткон.

Жаңы жыл алдындагы Владимир Путиндин маалымат жыйыны 23-декабрда Москвадагы Манеж борборунда өттү. Быйыл иш-чарада эркин аккредитация болгон жок – Кремль өзү тандаган ЖМКлардын өкүлдөрүн чакырды. Тизмеде жалпысынан 507 киши болду, алардын жарымынан көбү – аймактардан келгендер.

Аккредитация алгандардын арасында “Свобода” радиосунун, "Дождь" телеканалынын жана "Медуза"басылмасынын журналисттери болду. Ошол эле маалда алардын бирине да собол салуу мүмкүндүгү берилген жок.

Башкы редактору Дмитрий Муратов быйыл Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын алган "Новая газета" басылмасынын журналисттери жыйынга чакырылган жок. Кремль муну "Роспотребнадзордун" чектөөсү деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG