Ссылки доступа

"Истиклолдун" капитаны Тажикстандын 2021-жылдагы мыкты футболчусу деп табылды


Душанбенин "Истиклол" футболдук клубунун жарым коргоочусу жана капитаны, 28 жаштагы Алишер Жалилов Тажикстандын 2021-жылдагы мыкты футболчусу деп табылды.

"Истиклол" клубун Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомалинин досу, өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Шохрух Саидзода жетектейт.

Алишер Жалилов "Жылдын мыкты футболчусу" наамы үчүн Душанбе армиясынын борбордук спорттук кулубунун коргоочусу Фатхулло Фатхуллоев жана "Истаравшан" командасынын чабуулчусу Илхомжон Баротов менен ат салышкан.

Жалилов буга чейин 2019-жылы да Тажикстанда "Жылдын мыкты футболчусу" деп табылган.

25-декабрда Душанбеде өткөн иш-чарада мындан тышкары "Өлкө сыртында ойногон тажикстандык мыкты оюнчу" наамы Өзбекстандын "Навбахор" клубунда ойногон Эхсони Панжшанбеге ыйгарылды.

Душанбедеги "Соро Компани" командасынын футболчусу Файзали Сардоров "2021-жылдагы мыкты футзал оюнчусу" деп табылды.

"Жылдын мыкты футболчу кызы" номинациясын бохтарлык "Хатлон" клубунун чабуулчусу Лайло Халимова алса, "Өспүрүмдөр лигасынын перспективдүү оюнчусу" наамы Далер Шариповго ыйгарылды.

Халимова бул сезондо атаандаштарынын дарбазасына 67 гол киргизип, "Аялдар лигасынын" мыкты бомбардири болсо, Шарипов буга чейин "Биринчи лиганын мыкты оюнчусу" деп табылган.

XS
SM
MD
LG