Ссылки доступа

Бердымухамедов Марыга барганда интернет жана телефон байланышы өчүрүлүп, чабандар куулду


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Мары облусунун Йолөтен районуна барганда жашоочуларга көчөгө чыгууга тыюу салынып, интернет жана мобилдик байланыш өчүрүлдү.

"Машинелерди токтотуп, көчөлөрдү тазалашты. Көптөгөн кыштактарда электр кубаты өчүрүлдү. Интернет менен телефон байланышы бөгөттөлдү. Кишилер өлкө ичиндеги жана чет жердеги жакындары менен сүйлөшө албай калышты", - деди жергиликтүү жашоочу.

Интернет чектелгендиктен райондун бардык жеринде төлөм терминалдары иштеген жок. Дүкөндөрдө, май куюуучу жайларда, дарыканаларда соода солгундады. Район жашоочулары банкоматтардан акча чыгарууда кыйынчылыктарга туш болушту.

Президент Мары шаарына келерде көчөлөр тазаланып, жолбун ит-мышыктарды кармоо боюнча рейддер өткөрүлдү.

Президент Мары облусуна 3-январда барган. Мамлекет башчы жайлоого келгенде жергиликтүү чабандар ал жерден куулган.

Чабандарга: “Президент тик учак менен учууну пландап жатат, ошондуктан малыңарды алыс айдап кеткиле. Көчөдө беткап тагынып жүргүлө”, деген көрсөтмө берилген.

Он күн мурун Мары жана Лебап облустарын мамлекет башчынын уулу Сердар дагы кыдырып кеткен.

XS
SM
MD
LG