Ссылки доступа

Президент Жапаров Казакстандагы абал боюнча пикирин билдирди


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаалга көз салып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

“Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет”, - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау шаарларында газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тараган. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды.

5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды. Ошол эле күнү кечинде Токаев өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режимин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол коюп, Казакстандагы тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурап кайрылды.

XS
SM
MD
LG