Ссылки доступа

Тажикстандын парламенти Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө макулдук берди


Расмий маалыматка ылайык, Тажикстан парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын 7-январдагы жыйынында бир гана маселе каралып, депутаттар "Тажикстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн" куралдуу күчтөрдү өлкө сыртында колдонууга макулдук беришти.

Парламенттин мындай чечими орусиялык ЖМКлар күн мурун Тажикстан ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алкагында Казакстанга 200 аскерден турган топ жөнөткөнү тууралуу кабарлагандан кийин кабыл алынды.

"Озоди" радиосу өлкөнүн коопсуздук күчтөрүндөгү өз булактарына таянып, ал жакта тажик аскерлери мектептерди, ооруканаларды жана социалдык объектилерди кайтара турганын билдирди. Булактын айтымында, алар курал колдонушпайт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлери Казакстанга бул өлкөнүн президентинин чакыруусу менен киргизилүүдө. Өз кезегинде бул айрым өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да нааразылыктарды жаратууда. 6-январда ондогон жаран өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, аскерлерди Казакстанга жөнөтүүгө тыюу салууну талап кылышты.

Министрлер кабинети кыргызстандыктарга жана коомдук-саясий күчтөргө Казакстанга аскерлерди жөнөтүү чечимине түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган кайрылуу тараткан.

Анда Кыргызстан Казакстандын жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү катары мыйзамдуу бийликтин жардам берүү чакырыгын четке кагууга укугу жок экени жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында өз милдеттерин керектүү деңгээлде аткарары айтылган.

Казакстандын ири шаарларында алты күндөн бери нааразылык акциялар өтүп жатат. Адамдар алгач көчөлөргө суюлтулган газдын баасын төмөндөтүү талабы менен чыкса, кийин өкмөттү таратуу, коррупцияны жоюу сыяктуу саясий талаптарды айта башташкан. 5-январда Алматыдагы акция күчөп, Казакстандын бийлиги аны "террордук коркунуч" деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылган.

XS
SM
MD
LG