Ссылки доступа

Казакстанда январь окуяларына байланыштуу 700гө жакын кылмыш иши козголду


Казакстанда январь окуяларына байланыштуу 700гө жакын кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шейшемби күнү өлкөнүн башкы прокурорунун жардамчысы Азамат Сергазин брифинг учурунда билдирди.

"695 иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Алардын ичинде 44 иш "Терроризм", 15 иш "Адам өлтүрүү" жана алты иш "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренелери боюнча козголгон", — деди Сергазин.

Буга чейин Башкы прокуратура 546 кылмыш иши каралып жатканын, "негизсиз кармалган" 100 киши бошотулганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, январь окуяларына байланыштуу жалпысынан 8 354 административдик иш каралган: 3 337 кишиге эскертүү берилип, 1 653 адамга айып пул салынып, 1002 киши эркинен ажыратылган. Жазасын жеңилдетүү боюнча 1758 апелляциялык арыз берилип, 676 киши бошотулган.

Укук коргоочулар каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун же кармалгандардын арасында кылмыштарга тиешеси жок жарандык адамдар да бар экенин билдирип жатышат. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар казак бийлигин тынч акцияларга гана катышкан жарандарды куугунтуктабоого жана аларды тез арада бошотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG