Ссылки доступа

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы интернеттин чектелишин "коопсуздукту камсыз кылуу" менен түшүндүрүүдө


Тажик өкмөтүнө караштуу Байланыш кызматынын жетекчи орун басары Илхомжон Атоев
Тажик өкмөтүнө караштуу Байланыш кызматынын жетекчи орун басары Илхомжон Атоев

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Байланыш кызматы Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы интернеттин чектелиши боюнча так жооп бере элек.

31-январда мекеменин жетекчи орун басары Илхомжон Атоев аймакта жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугун, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында техникалык иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди. Ошол эле маалда ал бул аймактагы маалыматтык коопсуздукка кандай коркунуч болуп жатканын так айткан жок.

Бадахшанда интернет 2021-жылы ноябрда — аймактын административдик борбору эсептелген Хорог шаарында нааразылык акциясы башталганда өчүрүлгөн. Жашоочулардын нааразылыгына атайын кызматтын операциясы маалында Гулбиддин Зиёбеков аттуу жергиликтүү тургундун өлтүрүлүшү себеп болгон.

Интернеттин жоктугу боюнча бадахшандык жарандык активисттер менен тургундардын даттанууларына карата тажик бийлиги эч кандай реакция кылбай келет.

28-январда Жарандык тилектештик платформасы Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы интернеттин чектелиши жана адамдардын маалымат алуу укугу бузулуп жатканы боюнча тынчсыздануусун билдирген. Аймактагы интернет байланышын калыбына келтирүү чакырыгы жазылган кайрылууга дүйнө жүзү боюнча 39 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү кол коюшкан.

БУУнун 2016-жылы кабыл алынган резолюциясына ылайык, интернет колдонуу — адамдын базалык укуктарына теңелген. Документ сунуш берүү мүнөзүнө ээ болгону менен бийликтерге калктын интернетке кирүү мүмкүндүгүн чектөөсүнө тыюу салат.

XS
SM
MD
LG