Ссылки доступа

Украина Орусияга каршы Гаага сотуна даттанды


Украина Орусияга каршы БУУнун Эл аралык сотуна расмий түрдө даттанды.

"Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз. Соттон токтоосуз түрдө Орусияны аскердик аракеттерди токтотууга буйрук берип, угууларды кийинки аптага белгилөөнү сурайбыз", – деп жазылган Украина президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүндө.

Орусия Украинага 24-февралдын таңында кол салган. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. Жакынкы убакытта Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында өтөрү күтүлүүдө.

Украинанын cаламаттык сактоо министрлиги Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин кабарлады. Орусия канча аскери өлгөнүн жана туткунга кабыланын ачыктаган жок.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG