Ссылки доступа

Киевде түнчүндө катуу жардыруулар болду, Изюм шаарында снаряддан 8 киши өлдү


Харьковдун жашоочулары шаардык метродо баш калкалоодо
Харьковдун жашоочулары шаардык метродо баш калкалоодо

Бейшембиге караган түнү Украинанын бир нече аймагында аба соккусу боло турганын эскерткен сиреналар жаңырды.

Орусия Киев, Харьков жана башка шаарларга сокку урду. Жергиликтүү булактар бомбалоо күчөгөнүн билдиришүүдө. Киевде түнчүндө катуу жардыруулар болду.

Харьков облусуна караштуу Изюм шаарында снаряддан 8 киши өлдү, арасында балдар да бар. Бул тууралуу УНИАН агенттиги шаар администрациясынын башчысынын орун басары Владимир Мацокинге шилтеме берүү менен маалымдады. Анын айтымында, снаряд Украинский көчөсүндөгү үйгө тийген. Мацокин полиция имараты да чабуулга кабылганын, шаардын борборунда талкаланган имараттар бар экенин айтты. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

Харьковдун өзүндө тарых жана архитектура эстелиги, чиркөө аткыланды. Храмдын ичиндегилер жабыркаган жок.

Кара деңиздин жээгиндеги Херсон шаарынын мэри Игорь Колыхаев орусиялык аскерлер борбордук райондорго жана көчөлөргө чейин жетип, жергиликтүү кеңештин имаратына кирип келишкенин билдирди. Бир күн мурун Орусия Коргоо министрлиги Херсонду басып алганын жарыялаган.

Британ коргоо министрлигине шилтеме берүү менен орусиялык күчтөр Авоз деңизине жакын Мариуполь шаарын курчап алганы кабарланууда.

Украина президенти Владимир Зеленский калкка жасаган кезектеги кайрылуусунда өлкө "Орусиялык баскынчыларга каршы ата мекендик согуш жүргүзүп жатканын" айтты. Зеленский украин күчтөрү каршылаш тараптын планын үзгүлтүккө учуратып, аны белгилүү бир деңгээлде алсырата алды деп эсептейт.

Бейшембиде беларус-украин чек арасына жакын жерде орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөт. Украина ок атууну дароо токтотууну жана орус армиясынын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда.

Орусия Украинага 24-февралда бастырып кирген.

XS
SM
MD
LG