Темир жолду куруу боюнча иштин буйрутмачысы болуп "Кыргыз темир жолу" ишканасы аныкталган. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылат.
Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасы саналат.
“Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече” долбоорунун биринчи этабында узундугу 63 чакырым болгон “Балыкчы - Кочкор” темир жолун куруу пландалууда. Учурда долбоорлоо-изилдөө институттарын жана профилдик адистерди тартуу менен “Балыкчы - Кочкор” темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда.
Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кени Кыргызстандын түндүк аймагын көмүр менен камсыздаган негизги кен болуп саналат.