Ссылки доступа

Байден Украинага 13,6 миллиард долларлык жардам берүү тууралуу мыйзамга кол койду


АКШнын президенти Жо Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам берүү тууралуу мыйзамга кол койду.

"Мен жаңы гана эки партиялык мамлекеттик каржылоо тууралуу мыйзамга кол койдум. Ал өкмөттүн ачыктыгын сактап, Украинага тарыхый 13,6 миллиард доллар каражат берет", — деп билдирди Байден.

Президенттин айтымында, бул мыйзам менен Ак үй Америка элине "демократтар менен республикачылар чынында эле чогулуп, иш кыла тургандыгынын белгисин" көрсөткүсү келет.

"Орусиянын куралдуу агрессиясы Америкадагы бардык адамдарды бириктирди. Конгресстеги биздин эки партияны, эркиндикти сүйгөн дүйнөнү бириктирди", — деди Байден.

Каражат Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого багытталган. Бир бөлүгү жарандарга, анын ичинде болжол менен 1,5 миллион качкынга гуманитардык жардам берүүгө жумшалат.

9-мартта мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бөлүнө турган акча жардамдын "аз гана бөлүгү" болушу мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG