Ссылки доступа

Киевде The Insider басылмасынын журналисти Оксана Баулина окко учту


The Insider басылмасынын журналисти Оксана Баулина редакциялык тапшырма аткарып жүрүп, Киевдеги ок атуудан өлдү.

"Ал орус аскерлеринин аткылоосуна кабылган борбор калаанын Подольский районундагы талкаланган жерлерди тартып жүргөн жана жаңы ракеталык аткылоонун алдында калган. Аны менен кошо дагы эки жай тургун каза болду. Аны коштоп жүргөн эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди", – деп жазды The Insider.

Буга чейин Оксана Баулина Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунда иштеген. "Свобода" радиосу жана "Медиазона" менен кызматташып келген.

2017-жылы "Свобода" радиосу Оксана Баулина жөнүндө даректүү тасма тарткан – ал кезде ал "Навальный Live" каналынын башкы редактору болгон. Навальныйга тиешелүү түзүмдөр экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилгенден кийин Баулина Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG