Ссылки доступа

Тажикстандагы ооган качкындарынын 80% жакыны чет өлкөдөгү туугандары жөнөткөн акчага жан багышат


Вахдаттагы ооган качкыны. Март, 2022-жыл

Тажикстандагы ооган качкындарынын 80 пайызга жакыны Канада жана Европа өлкөлөрүндөгү туугандары жөнөткөн акчанын эсебинен жашайт. Алар Ооганстандан эч кандай жардам алышпайт, Тажикстанда жумуш табуу өтө оор.

Тажикстандагы “Ориёно” ооган диаспорасынын маалыматына караганда, ооганстандык качкындардын көбү Вахдат шаарынын кире беришиндеги 18 кабаттуу үйдө жашайт. Алардын көбү Европа өлкөлөрүндө жана Канадада мигрант болуп иштеген жакындары жөнөткөн акчага жан багышат. Ооган качкындарынын айтымында, андагы үй-бүлөлөрдүн көбү чет өлкөлөрдөгү туугандарынан айына орточо 200 доллардан алып турушат.

Ооган качкындары сырттан алган каражаттын жалпы суммасы так белгисиз. Тажикстандын Улуттук банкы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын статистикасына ылайык, Тажикстанда 13 700 ооган качкыны бар.

"Бизди кабыл алганы үчүн Тажикстанга ыраазыбыз. Бирок бул жерде бизге ылайыктуу жумуш жок, Ооганстандан келген жардам да азайды. Азыр БУУнун түзүмдөрүнөн келип жаткан жардам жетишсиз болууда. Алардын жардамы бул – май, кичинекей кап ун, төө бурчак жана күрүч. Бир үй-бүлөгө ылайыкташкан 50-60 долларлык бул жардам бир айга да жетпейт", - деди Мирахмад аттуу ооган качкыны.

Ал былтыр Ооганстандан Тажикстанга үй-бүлөсү менен качып келген. Анын эки кызы жана эки уулу бар. Учурда үй-бүлөсү менен Вахдатта айына 115 доллардан төлөп батирде жашайт.

"Үйдө уулум гана иштейт. Ал окуу борборлорунун биринде англис тил мугалими. Анын 2 миң сомонилик айлыгы алты кишиден турган үй-бүлөнүн чыгымдарына жетпейт. Ошондуктан Канадада иштеген бир тууганыман жардам алып турам. Ай сайын 200 доллар, кээде андан көп жөнөтүп турат", - деди Мирахмад.

"Ориёно" диаспорасынын маалыматына караганда, Тажикстандагы ооган качкындарынын 80% жакынынын жашоосу Мирахмаддыкынан көп деле айырмаланбайт.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG