Ссылки доступа

"Росатом" Өзбекстандан АЭС куруу планынан кайта элек


Өзбекстан төрт жыл мурун атомдук электростанцияны куруу планын жарыялаганда дүйнө башкача болчу. Бул тууралуу Eurasianet.org билдирди.

2018-жылы 19-октябрда Мирзиёев менен Путин Жизактагы АЭСтин курулушунун символикалуу конопкасын басышкан. 11 миллиард долларга бааланган атомдук электростанциянын орусиялык “Росатом” мамлекеттик компаниясы Москванын насыясына курмак болгон.

Орусия Украинага кол салгандан кийин долбоордун келечеги бүдөмүк абалда калды. Макалада Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштуу “Росатом” менен кызматташуу кыйын болору белгиленген.

Колумбия университетинин Глобалдык энергетикалык саясат борборунун Коопсуздук тармагындагы эл аралык демилгелер директору Ричард Нефью “Росатом” санкциялык тизмеге кирбесе да, кедергиси тие турганын айтты:

“Каржы транзакциясы, технологияларды берүү тармагындагы бардык санкциялар бул сыяктуу долбоорду ишкер киргизүүгө жана бүтүрүүгө тоскоол болот”.

Бул арада “Росатом” Өзбекстанда атомдук электростанция куруу планынан кайта элек.

4-апрелде “Росатомдун” жооптуу аткаминери Вадим Титов:

“Азыр бул долбоордун деталдары иштелип жатат, биз АЭСтин курулушу – биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жооп берген эки тараптуу кызматташуунун маанилүү долбоору экенинбаарыбыз жакшы түшүнүп турабыз”, - деген.

XS
SM
MD
LG