Ссылки доступа

9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбойт


Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын кабарлады. Жеңиш күнүндө митинг-реквием өтөт жана "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулат.

Буга чейин Казакстан бийлиги да быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан.

Кыргызстанда былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондор бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы да 9-майда аскердик парад уюштурулган эмес.

XS
SM
MD
LG