Ссылки доступа

Чек ара жаңжалында каза болгон тез жардам унаасынын айдоочусунун жакындары: бийлик убадасын аткарган жок (видео)


Абдулатиф Шарифов

Бир ай мурун кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда каза болгон тез жардам унаасынын айдоочусу Абдулатиф Шарифовдун туугандары тажик бийлиги убадасын аткарбаганына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик маркумдун үй-бүлөсүнө Шарифовдун 60 айлык маянасын төлөп берүүгө, балдарына жер тилкесин кесип берүүгө, көчөгө ысымын ыйгарууга убада берген. Бирок алардын бири да аткарылган эмес.

“Озоди” радиосу билдиргендей, Абдулатиф Шарифов 27-январда Хожаи Аъло айлынын тургундарын куткаруу учурунда мерт болгон. Абдулатиф Шарифов жана андан башка эки киши бараткан унаага минометтон ок тийген.

Абдулатиф Шарифовдун тууганы Таборакхон Исфара шаарынын башкы дарыгери ага жер тилкесин кесип берүүгө убада бергенин айтты. “Ал 60 айлык маянасын төлөп берерин жана көчөгө аты ыйгарыларын да айткан. Бирок аткарган жок”, - деди ал.

Исфаранын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери иш сапарда жүрөт. Оорукананын башка кызматкерлери убада аткарыларын айтышты.

“Озодинин” журналисти Абдулатиф Шарифовдун үйүндө болуп кеткенден кийин Исфаранын мэри Баховаддин Баходурзода маркумдун жакындарына жер тилкеси бөлүнүп берилгенин, жакында шаардагы көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарыларын кабарлады.

Үч ай мурун кырыз-тажик чек арачысындагы кагылышуудан эки тажик жараны, анын ичинде Абдулатиф Шарифов да өлгөн, эки тараптан тең ондогон киши жаракат алган.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG