Ссылки доступа

Алматыда полиция имаратынын алдында акция өткөргөн активистке айып пул салынды


Алматынын райондор аралык административдик соту "тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузганы үчүн" активист Инга Иманбайды 91,8 миң теңге өлчөмүндө (200 долларга жакын) айып пул төлөөгө милдеттендирди.

— Мен соттун бул чечими менен макул эмесмин. Муну мага, Жанболат Мамайга жана Демократиялык партияга жасалган басым катары баалайм. Муну 7-майга белгиленген митингдин алдындагы коркутуу деп эсептейм, — деди Иманбай соттон кийин.

4-майда полиция Казакстанда каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын активисти Инга Иманбайды кармап кеткени белгилүү болгон. Ал күнү Иманбай тергөө абагында камакта отурган күйөөсү, оппозициялык активист Жанболат Мамай менен жолукканы барган.

— Тергөө абактын чыга беришинде мени үч автоунаа менен келген онго жакын полиция кызматкери күтүп туруптур. Алар мага протоколду көрсөтүп, полиция бөлүмүнө баруумду өтүнүштү. Мен адвокаты жок барбай турганымды айтканыма карабастан, кооптуу кылмышкерди кармагансып Алмалы райондук полиция бөлүмүнө жеткиришти, — деп билдирген Иманбай соттун алдында.

Анын айтымында, полиция ага 4-апрелде Жанболат Мамайды эркиндикке чыгаруу талабы менен Алматы шаардык полиция департаментинин алдында өткөн нааразылык акциясына байланыштуу протокол түзгөн.

— Ал күнү сот Жанболатты бошотушу керек болчу. Биз аны тосуп алууга барганбыз. Бирок ал эркиндикке чыгарылбагандан кийин анын бошотулушун талап кылдык. Сот мындай чечим чыгарарын билгенде акимчиликке акция өткөрүү тууралуу билдирме бермекпиз, — деди Иманбай.

Өткөн жумада Иманбай маалымат жыйынын өткөрүп, 7-майга белгиленген митингдин алдында аларга басым күчөгөнүн айткан. Учурда Демократиялык партиянын үч активисти административдик камакта. Партиянын башка мүчөлөрү аңдууларды байкап жатышканын айтууда.

7-майдагы митингде активисттер Январь окуялары боюнча тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү жана кармалгандарды бошотууну талап кылышат. Иманбайдын айтымында, алар митинг өтөрү тууралуу акимчиликке билдирме жөнөтүшкөн. Бирок калаа бийлиги ал күнү акция өтө турган жерде башка иш-чаралар болорун билдирип, митингге уруксат берген эмес. Бирок партиянын активисттери баары бир тынч жыйындарды өткөрүү укуктарын пайдала тургандыктарын айтып жатышат.

Казакстанда каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын 33 жаштагы лидери Жанболат Мамай "Бийлик өкүлүн кемсинтүү" жана "Жалган маалымат таратуу" иштери боюнча камакта отурат. Анын тарапташтары бул иштер саясий негиздер менен ачылганын билдирип келишет. Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Нур-Султанды Мамайды эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG