Ссылки доступа

Министр Бейшеналиев УКМК эки жолу суракка алганын, азыр чет өлкөдө экенин билдирди


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) эки жолу суракка алганын 16-майда "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Министрдин сөзүнө караганда, УКМК кызматкерлери алгач 12-майда Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага байланыштуу ага суроо берип, видеого тартып алышкан. Бул иш-чарага медайымдар өздөрү 100 миң сом акча чогултканын министр кошумчалады. 14-майда ошол эле маселеге байланыштуу коопсуздук кызматы “Манас” аэропортунда да аны суракка алып, видеого тартышканын айтты.

Бейшеналиевдин айтымында, Жети-Өгүздө акча чырына байланыштуу кармалган кыз УКМК кызматкерлеринин коркутуусуна кабылып, алар менен жалгыз калтырбоону суранган. Андыктан ал арачы болуп, кызды үйүнө жеткирип, ата-энесинин колуна тапшырган.

“Кармаса кармасын. Эч кандай күнөөм жок да. Бир кызды ата-энесине бергеним үчүн камап коебу? Же жанагы 100 миң сомду албай койгонум үчүн камайбы? Кафеде төлөп жатканда алар ойлоптур да Бейшеналиевге берет, ошондо кармайбыз деп”, - деди министр.

Бейшеналиев Жети-Өгүздө суракка алганда аны “эл алдында абдан кемсинтишкенин”, кийин Бишкекке келгенде кызматтык машинасынын айдоочусуна ишке чыгууга тыюу салып, машинасын базага токтоттуруп коюшканын, такси менен жүрүүгө мажбур болгонун, аны суракка алгандардын бири менен сүйлөшкөндө “өйдө жактан буйрук берилген” дегенин айтып берди.

Бейшеналиев азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын ырастады.

УКМК Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын билдирген.

Ал эми Бейшеналиевдин суракка алынганы жана анын айткандары тууралуу УКМК азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG