Ссылки доступа

Ташкенттеги байыркы 12 дарбаза калыбына келтирилет


XIX кылымдын ортосуна чейин Ташкент 12 дарбазадан турган бекем сепил менен курчалган. Алар Лабзак, Тахтапуль, Карасарай, Сагбан, Чигатай, Кукча, Самарканд, Камалон, Бешагач, Коймас, Коканд жана Кашгар деп аталган.

Ар бир дарбазаны Ташкентке кирген соода каравандарынан салык алган күзөтчүлөр кайтарган.

Эски 12 дарбзанын экөө быйыл калыбына келтирилет. Бул тууралуу шаардык администрациянын жыйынында айтылды. Жыйындын катышуучулары жумушчу топ менен бирге дарбазалардын тарыхый көрүнүшүн тажырыйбалуу тарыхчыларды, археологдорду жана башка эксперттерди тартуу менен калыбына келтирүү ишин жандандырууну талкуулашты.

XS
SM
MD
LG