Ссылки доступа

Тажик активисти Ульфатхоним Мамадшоеванын ишине "жашыруун" белгиси коюлду


Ульфатхоним Мамадшоева
Ульфатхоним Мамадшоева

Тажикстанда бийликти кулатууга ачык чакырык жасаган деп айыпталып жаткан жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоевага козголгон кылмыш ишинин бардык материалдарына “жашыруун” белгиси коюлду. Бул тууралуу “Озоди” радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, активистин ишин өлкөнүн Башкы прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) тергөөчүлөрү тергеп жатышат.

Тажикстан УКМКсы Мамадшоеваны 18-майда Душанбеде кармаган. Ага каршы “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Активист камакка алынганга чейин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаары менен Рушан районундагы башаламандыктарга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

17-майда тажик бийлиги Мамадшоеваны Мамадбокир Мамадбокиров жана Алим Шерзамонов менен бирге Хорогдогу башаламандыктарды уюштурган деп айыптаган. Эртеси тажик ИИМи Тоолуу Бадахшандагы "террордук топторду" курал-жарак жана ок-дары менен экстремисттик-террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү Алим Шерзамонов жана анын шериктери Холбаш Холбашев менен Ульфатхоним Мамадшоева камсыз кылып келгенин билдирген.

Азырынча Мамадшоеванын мурдагы күйөөсү Холбашовдун кайда экени белгисиз. Анын кармалганы тууралуу расмий билдирүү жок. 18-майда Pamir Daily News сайты Холбашов Согд облусунда кармалганын жазган.

Тоолуу Бадахшанда кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан. 16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече киши өлгөн.

18-майда Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшанда "антитеррористтик операция" башталганын жарыялаган. Өлкө ИИМи автоном облустагы Рушан районунда өкмөттүк күчтөр менен Хорог шаарына бара турган жолду бөгөп алган жергиликтүү тургундардын ортосунда кагылышуу болгонун билдирген.

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы акциялардын уюштуруучуларынын бири экенин айтып жаткан Мамадбокир Мамадбокиров 22-майда Хорог шаарында өлтүрүлгөн. ИИМ бадахшандыктардын бейформал лидери эсептелген Мамадбокиров криминалдык топтордун өз ара ички териштирүүлөрү маалында атып өлтүрүлгөнүн билдирген. Бирок Pamir Daily News сайты өз булактарына таянып, Мамадбокиров Тажикстандын укук коргоо органдарынын колунан каза болгонун кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG