Ссылки доступа

Тажикстандын мамлекеттик телеканалы Мамадшоева менен Холбашовдун "күнөөлөрүн мойнуна алган" видеосун көрсөттү


Ульфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов
Ульфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов

Тажикстандын мамлекеттик телеканалы камактагы журналист жана жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоева менен анын мурдагы күйөөсү Холбаш Холбашовдин Тоолуу Бадахшандагы башаламандыктарга тиешелери бар экенин мойнуна алган видеолорду көрсөттү.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 16-18-май күндөрү өткөн митингдер жана "антитеррордук операциянын" жүрүшүндө ондогон киши каза болуп жана жараат алып, 100дөн ашык адам кармалган.

24-майда "Точикистон" мамлекеттик телеканалында Бадахшандагы окуялар тууралуу документалдык тасма эки жолу көрсөтүлдү. Анда марттын аягында Мамадбокир Мамадбокиров, Холбаш Холбашов, Ульфатхоним Мамадшоева жана Алим Шерзамонов жолугуп, Хорог шаары менен Рушан районунда башаламандыктарды уюштурууну пландашканы айтылган. Мамадшоева менен Холбашов өз көрсөтмөлөрүндө Хорогдогу башаламандыктарды уюштурууга Мамадбокир Мамадбокиров, Рушандагы башаламандыктарды уюштурууга Холбашов жооптуу болгонун билдиришкен.

24-май күнү кечинде Тажикстанда тыюу салынган "Улуттук альянстын" төрага орун басары, учурда Европада жашап жүргөн Алим Шерзамонов "Озоди" радиосу менен байланышып, жогоруда аты аталган адамдар менен эч кандай жолугушуу болбогонун билдирди.

"Мамадбокирди бир жума гана билген адам болсо ал мындай чогулуштарга эч качан катышпай турганын айтып беришет. Холбаш Холбашов — кайраттуу адам. Аны өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан", — деди ал.

Даректүү тасманын авторлору белгилегендей, Алим Шерзамонов Тоолуу Бадахшанда башаламандыктарды уюштурууга жалпысынан 13 миң доллар жөнөтүп, анын 7 миңи Хорогго, калган алты миңи Рушанга бөлүнгөн. Бирок бул сумма чет өлкөдөн кантип которулуп, Тажикстанда кантип алынганы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

Шерзамонов Европада саясий качкын макамы менен жүргөнүн, анда мындай ири суммадагы акча жок экенин айтууда. "Мындан тышкары мындай акчаны жөнөтүү да кыйын. Анткени Европада каражаттын булагын да сурашат. Мен бул жакта мамлекеттин камсыздандыруусундамын", - деди Шерзамонов.

Бадахшандын бейформал лидерлеринин бири эсептелген Мамадбокир Мамадбокиров 22-майда табышмактуу жагдайларда Хорог шаарында өлтүрүлгөн. Тажикстандын Ички иштер министрлиги ал криминалдык топтордун ички териштирүүлөрү маалында өлтүрүлгөнүн айтса, Мамадбокировдун жакындары ал укук коргоо кызматкерлеринин колунан өлгөнүн билдирип жатышат.

Тасманын авторлору Мамадшоеваны "шектүү чет өлкөлүк уюмдар" менен кызматташууга жана "чет өлкөлүк атайын кызматтарга маалымат берүүгө" айыпташкан. Ал өзү буга чейин Бадахшандагы окуяларга тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүүлөрдү бир нече жолу четке каккан.

Ульфатхоним Мамадшоева 65 жашта, укук коргоочу жана журналист. Тоолуу Бадахшандагы теле жана радиоканаладарда иштеп, "Номус ва инсоф" аттуу бейөкмөт уюмду негиздеген. 1990-жылдары Бадахшанды коргоо күчтөрүнүн мүчөсү болгон.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаары менен Рушан районундагы абал 16-майда кескин курчуп кеткен. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык акциясына чыккан тургундар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунда 10 киши өлүп, 27си жаракат алган. Өз кезегинде Рушандын тургундары бери дегенде эле 21 кишинин сөөгү табылганын билдирүүдө.

Бийлик акцияга чыккандарды "кылмыштуу топтордун мүчөлөрү" деп атап, "бийликке куралдуу каршылык көрсөтүүнү уюштурууга" айыптады. Тургундар аларга карата бир нече айдан бери басым болуп жаткандыктан, өз укуктарын коргоо үчүн гана акцияга чыгышканын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG