Ссылки доступа

Ооганстандагы жардыруулардан бери дегенде 14 киши каза болду


25-майда Ооганстандын борбору Кабулда жана өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Мазари-Шариф шаарында болгон жардыруулардан он киши көз жумду. Бул тууралуу талибдер негиздеген ооган өкмөтү кабарлады.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Абдул Нафи Такурдун "Азаттыктын" ооган кызматына билдиргенине караганда, Кабул мечитиндеги жарылуудан эки киши өлүп, он адам жарадар болду. Кабул ооруканасы беш киши көз жумуп, 17 адам жаракат алганын билдирди. Каза болгондордун арасында кол салууну ишке ашырган ыктымал жанкечти да бар.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок буга чейин Ооганстандагы мындай жардырууларды "Ислам мамлекети" тобунан бөлүнүп чыккан "Хорасандагы Ислам мамлекети" экстремисттик уюму жасап келген.

Балх провинциясынын административдик борбору эсептелген Мазари-Шариф шаарында мина коюлган кичиавтобустардагы үч жарылуудан тогуз киши өлдү. Маалыматты жергиликтүү полиция башкармалыгынын өкүлү Мохаммад Асиф Вазири ырастады. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобунун жергиликтүү бөлүмү өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG