Ссылки доступа

Алматыда Январь окуялары боюнча шектелгендердин жакындары митингге чыкты (видео)


1-июнда Январь окуяларынан кийин кармалып, кыйноого алынгандардын ондогон жакындары Алматы шаардык прокуратурасынын алдына чогулуп, алардын жазган арыздары боюнча адилеттүү тергөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Колдоруна "Биздин күйөөлөрүбүз, ага-инилерибиз, балдарыбыз террорист эмес!", "Эл аралык тергөөнү талап кылабыз!" деген жазууларды жана жакындарынын сүрөттөрүн кармап чыккан жарандар "Бостандык!" деп кыйкырышты.

Январь окуяларынан кийин кармалып, кыйноого алынгандардын бири, алматылык фотосүрөтчү Саят Адилбекулы "Азаттыктын" казак кызматы менен телефон аркылуу байланышып, 1-июнга белгиленген митингдин алдында кыйноодо жабыркагандарды жапырт түрдө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына чакырышканын билдирди. Журналисттердин бул боюнча аталган мекемеден комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Адилбекулы бүгүн прокуратура имаратына жакын келгенде полиция кызматкерлери аны кармап кетүүгө аракет кылышканын, бирок ал жерде журналисттер жүргөндүктөн кайра бошотушканын кошумчалады.

1-июнда Алматы прокуратурасынын имаратына 50-60тай адам, негизинен абакта кыйноого алынганын айткан адамдар жана Январь окуялары боюнча айыпталгандардын жакындары чогулуп, мекемелер аралык тергөө тобунун, прокуратуранын жана ИИМдин өкүлдөрү менен жолугуп, өз талаптарын айтууну пландашкан.

Түшкө жакын акцияга чыккан 15ке жакын киши прокуратура имаратына киргизилип, журналисттер сыртта калышты. Прокуратура өкүлдөрү бул боюнча ЖМК өкүлдөрү үчүн кийинчерээк өзүнчө билдирүү болорун билдиришти.

Бүгүн эртең менен полиция Январь окуяларынан кийин кармалып, кыйноого алынганын айткан бир нече кишини кармап кеткени кабарланган. Учурда алардын телефондору өчүк болууда.

Буга чейин укук коргоо топтору Январь окуялары боюнча тергөө иштери объективдүү жүрбөй жатканын билдиришкен.

Бери дегенде 238 кишинин өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин күч түзүм кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине каршы жүздөгөн арыздар жазылган. Расмий маалыматтар боюнча, каза болгон 238 кишинин кеминде сегизи "тергөөнүн урукат берилбеген ыкмаларынан" улам каза болгон.

Январь окуяларынан кийин Казакстанда терроризм, жапырт башаламандык, курал уурдоо жана башка айыптар менен миңдеген киши кармалган. Алардын көбү полиция кызматкерлеринин кыйноосуна жана кемсинтүүсүнө кабылышканын билдиришкен.

Казак бийлиги Январь окуяларынан кийин кармалгандардын жазган арыздарынын негизинде кыйноо боюнча 200дөн ашык кылмыш иши козголуп, ондогон шектүү кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG