Маалыматыка ылайык, анда энергетика министри Доскул Бекмурзаев эки жыл аралыгында ири курулуш башталуучу жерге жаңы жол, көпүрө, имараттар сыяктуу инфратүзүмдү жакшыртуу иштери жасаларын билдирди. ГЭСтин гидроагрегатын 8 жылдан кийин ишке киргизүү пландаштырылып жатат.
30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.
2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу келишимге кол койгон. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.
Кийин Орусия "РусГидро" компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.