Ссылки доступа

Шахтасында 200 эреже бузуу аныкталган "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына айып пул салынды


"АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын Караганда облусундагы "Абай" шахтасында 200 эреже бузуу аныкталды. Былтыр бул шахтадагы кырсыктан алты кенчи каза болуп, дагы үчөө жараат алган.

Казакстандын Өнөр жай коопсуздугу боюнча комитетинин маалыматына караганда, компания былтыр шахтада катталган кырсыктан кийин аныкталган эреже бузууларды жойгон эмес.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында компанияга 100 бир айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзамга ылайык, эгер компания айып пулду жети күндүн ичинде төлөсө, анда бул сумманын жарымы гана алынат. Азырынча төлөнгөнүн ырастаган дүмүрчөктү көрө элекмин", – деди комитеттин Караганда облустук департаментинин төрага орун басары Кенгирбай Есенеев.

Анын айтымында, "Абай" шахтасында көмүр менен газдын, ошондой эле көмүр чаңынын капыстан жарылып кетүү тобокелдиги жогору. Мындан тышкары шахтада тоо тектериндеги массанын температурасын аныктай турган жабдыктар жок; илимий институттар менен биргеликте геологиялык шарттарды болжолдоонун методологиясы иштелип чыккан эмес; компьютердик техникалар, болжолдоо жана геологиялык чалгындоо кызматтары жаңыланган эмес; геологиялык санариптик моделдөө жана сейсмикалык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес; көмүр чаңынын курамын көзөмөлдөөчү жабдыктар сатылып алынган эмес.

2021-жылы ноябрда "Абай" шахтасында кырсык болуп, алты кенчи өлгөн. Бул кенде 2008-жылы да ушуга окшош кырсык катталган. Анда метан газы жарылып, 30 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын көбүнүн сөөгүн жер үстүнө алып чыгууга мүмкүн болгон эмес.

"Арселор Миттал Темиртау" компаниясы Караганда облусундагы бир нече шахтага жана Темиртау шаарындагы металлургиялык комбинатка ээлик кылат.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG