Ссылки доступа

Чек ара чырынан кийин эки өлкөнүн район башчылары жолукту


Баткен районунун Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуудан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жолугушту.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн 14-июндагы жолугушуусунда чек ара, күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер талкууланды. Баткен районунун мамлекеттик администрациясы кабарлагандай ар кандай чагымчыл иштерди алдын алуу, чектеш аймактарда туруктуулукту сактоо боюнча сүйлөшүү жүрдү.

Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы тажик чек арачылары биринчи ок атканын, ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын, андан кийин тажик чек арачылары миномет жана гранатомет менен атканын билдирген.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тескерисинче ок атууга кыргыз тарапты айыптап, “окту биринчи Кыргызстандын чек арачылары чыгарган” деп маалымат таратты. Мекеме соңку чырда 26 жаштагы бир жоокер жарадар болгонун билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен куралдуу жаңжалда бир адам каза болгонун жазган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул кабарды ырастаган жок.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган.

XS
SM
MD
LG