Ссылки доступа

Абдулазиз Камилов Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды


Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча орун басары Абдулазиз Камилов өлкө президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка Шавкат Мирзиёев кол койду.

Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Камилов өзбек парламентинин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын жарыялаган. Бир айдан кийин ал министрлик кызматтан бошотулган.

27-апрелде Камилов Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча орун басары кызматына келген. Анын ордуна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп министрин биринчи орун басары Владимир Норов дайындалган.

Абдулазиз Камилов 10 жыл Өзбекстандын тышкы иштер министри кызматында иштеген.

XS
SM
MD
LG