Ссылки доступа

Тажикстанда УКМК башчысын сындаган мурагы чекист кармалды


 Мамадсултон Мавлоназаровдун "Фейсбук" баракчасындагы сүрөтү
Мамадсултон Мавлоназаровдун "Фейсбук" баракчасындагы сүрөтү

Тажикстандын коопсуздук органдарынын мурдагы кызматкери, 72 жаштагы Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султон) кармалды. Жакындарынын айтымында, ал 16-июнда үйүндө кармалган, анын себеби жана учурда кайда экени белгисиз.

Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы жана шаардык прокуратура Мавлоназаровдун кармалганы боюнча комментарий берген жок.

Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султон) соцтармактарда тажик бийлигин сындап келген. "Фейсбуктагы" баракчасына апрелде аны милиция кызматкерлери кармап, суракка алууга аракет жасашканын жазган.

Мавлоназаров 70-жылдары "Комсомоли Точикистон" гезитинде кабарчы болуп иштеп, кийин Тажикстандын Улуттук коопсузук комитетине ишке кирген.

Учурда ал пенсияда. Мавлоназаров үйүндө тинтүү жүргөндөн кийин "Фейсбуктагы" баракчасына пост жазып, Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовду сынга алган.

Ал: "Академик С.Ятимовдун кызматкерлери адам укуктарынын бардык нормаларын тебелеп, "каармандык" менен ачык жана соттон тышкары куугунтуктоо жүргүзүп, 37-жылдарды жана Бериянын убагын эске салууда", - деп жазган.

Мавлоназаров мурдараак Тоолуу Бадахшандагы окуялар үчүн бийликти күнөөлөгөн билдирүү да калтырган.

XS
SM
MD
LG