Ссылки доступа

Ашхабаддын тургундарына шаардан бийликтин уруксаты жок чыгууга уруксат берилди


Мындан ары Ашхабаддын тургундарынан шаардан аймактарга чыгуу үчүн Миграциялык кызматтын уруксаты талап кылынбайт. Бул тууралуу "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, аймактардын жашоочулары баш калаага кирүү үчүн мурдагыдай эле уруксат алышы керек болот.

Жарандар поезд же учак менен саякаттаган учурда акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган COVID-19 жок экенин ырастаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.

Буга чейин түркмөнстандыктар Ашхабадга медициналык тез жардам алуу, тажыяга катышуу, жумушундагы зарылдыктар же окуу үчүн кире алышкан. Шаардан аймактарга чыга турган жашоочулар үчүн да ушундай эле талаптар болгон.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG