Ссылки доступа

Кыргызстан Душанбеге өткөрүп берген эки тажик жаранынын жазасы жеңилдетилиши мүмкүн


Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстанда "Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо" жана "Талап-тоноо" беренелери боюнча соттолгон тажик жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовдун иштери боюнча чечим чыгара элек.

"Озоди" радиосу өз булактына таянып, башкы көзөмөл органы бул боюнча жакынкы күндөрү чечим чыгарышы керек экенин кабарлады.

Радио менен маектешкен юрист Жамшед Ёров Кыргызстан өткөрүп берген тажикстандыктардын жаза мөөнөтү мекенинде жеңилдетилиши мүмкүн экенин билдирген.

"Эл аралык жана өлкө ичиндеги укукка ылайык, Тажикстандын прокуратура жана сот органдары бул эки ишти тең карап чыгып, алардын жазасын жеңилдетиши мүмкүн. Ошол эле маалда Тажикстандын президенти алардын жакындарынын кайрылуусунун негизинде соттолуучуларга ырайым бериши да ыктымал", – деди Ёров.

Маалыматтарга караганда, Абдурозик Абдукаххоровдун жубайы Наргис Жабборова 16-июнда Хожжент шаарындагы тергөө абагында отурган күйөөсү менен жолугуп чыккан.

Өткөн жумада "Озоди" радиосу Согд облустук прокуратурасындагы өз булактарына шилтеме кылып, Кыргызстан Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Душанбеге өткөрүп бергенин кабарлаган.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Былтыр Лейлек райондук соту Абдукаххоров менен Юнусовду "Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо" жана "Талап-тоноо" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кармашкан. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

XS
SM
MD
LG