Ссылки доступа

Президенттик администрация Түркиянын "ФЕТОнун" ишмердүүлүгүн токтотуу талабына комментарий берди


Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентеп менен жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу маалында түрк тарап "ФЕТО" кыймылынын жалпы, анын ичинде Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө маселени козгогон.

"Бул маселе Түркиянын ички иши экенин эске алуу менен кыргыз тарап аны эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында талкуулоо керектигин белгилеген", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун 23-24-июнь күндөрдөгү Бишкектеги сапары жөнүндө кенен маалымат таратып, анда кыргыз бийлигине "ФЕТО" (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюмунун коркунучу жөнүндө эскерткенин кабарлаган.

Элчиликтин маалыматына ылайык, түрк парламентинин төрагасы президент Жапаровго 2016-жылы 15-июлдагы Түркиядагы окуя жөнүндө маалымат берип, бир нече өлкө "ФЕТОго" тиешелүү мекемелерди расмий Анкарага өткөрүп бергенин айткан.

"ФЕТО" өзү иш алып барган өлкөлөр менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарды бузууга аракет кылууда. 15-июль тууралуу Кыргызстанда өткөн иш-чара мамлекеттик кызматкерлер тарабынан териштирилгенин уктук. Буга кошумча, эки өлкөнүн ортосунда ачылган "Манас" университети бар жана бул окуу жайдын ишинде бир топ тоскоолдуктар болуп жатканын билдик. Бул аркылуу алар эки өлкөнүн мамилесине терс көрүнүш жаратууга аракет кылып жатышат", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы алгач Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жолугушуусу жөнүндө "эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады" деп гана маалымдаган.

Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча Гүленди жана анын "Хизмет" кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды "ФЕТО" же "Фетхуллахчы террорчул уюм" деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. "Гүлен кыймылы" түрк бийлигинин айыптоосун четке каккан.

Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" лицейлерин жабууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG