Ссылки доступа

Душанбеде Путин менен Рахмон эки тараптуу кызматташтыкты жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулайт


Владимир Путин менен Эмомали Рахмон. Архив сүрөт
Владимир Путин менен Эмомали Рахмон. Архив сүрөт

Душанбеде Орусиянын жана Тажикстандын президенттери Владимир Путин менен Эмомали Рахмон эки тараптуу кызматташтыкты жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулайт. Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Путин бүгүн, 28-июнда Душанбеге бир күндүк иш сапары менен барат деп күтүлүүдө.

Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода "Озоди" радиосуна бул сапардын алкагында тараптар эч кандай документтерге кол койбой турганын билдирди. "Сапар жумушчу мүнөзгө ээ жана эки лидер "1+1" форматында гана жолугат", – деди Шарифзода.

Анын айтымында, Владимир Путин менен Эмомали Рахмон "эки тараптуу кызматташтыкты, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнү, дүйнөдөгү, аймактагы, анын ичинде Ооганстандагы абалды" талкуулайт.

Ал ортодо орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков орусиялык ЖМКларга эки өлкөнүн лидерлери алгач аскердик-техникалык кызматташтык жана миграция маселесин талкуулай турганын билдирди.

"Мындан тышкары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жөнүндө сөз болот. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ооганстандагы абалга өзгөчө көңүл бурулат. Тажикстандын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, ооган тараптан радикалдардын кирип келишине жол бербөө жана коргонуу курулуштарын куруу боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо пландалууда", – деди Ушаков.

Бир катар орусиялык ЖМКлар, анын ичинде Sputnik радиосу Рахмон менен Путин Тажикстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирүүсү тууралуу да сүйлөшө турганын кабарлашты. Москва акыркы бир нече жылдан бери Душанбени ЕАЭБге кирүүгө чакырып келет. Бирок Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү биримдикке кошулуунун ыктымал шарттарын жана кошумча жеңилдиктерин изилдеп жатышканын билдирүүдө.

Эки өлкөнүн бийлиги тең бул сапардын максаты Орусия менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү экенин билдиргени менен айрым эксперттер жолугушууда лидерлер өлкөлөр ортосундагы бир катар "сезимтал" маселелерди, ошондой эле Тажикстандын ичиндеги кырдаалды талкуулайт деп болжолдоп жатышат. Алар мындай маселелердин катарына Батыштын санкцияларынан кыйгап өтүү үчүн Тажикстандын аймагын пайдалануу, Рахмондун талибдер менен элдешүүсү жана Рахмондун бийликти уулуна өткөрүп берүүсү сыяктуу темаларды кошуп жатышат.

Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү азырынча мындай божомолдор тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG