Ссылки доступа

Тажикстанда денесине 26 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн келиндин өлүмү кайра тергелет


Манораи Абдуфаттох
Манораи Абдуфаттох

Тажикстандын Башкы прокуратурасы бир жыл мурда бычакталып өлтүрүлгөн 25 жаштагы Манора Абдуфаттохтун өлүмү боюнча кайрадан тергөө иштерин баштады.

Былтыр 22-июнда Абдуфаттохтун сөөгү ижарага алынган батирде табылып, анын денесине 26 жолу бычак сайылганы аныкталган. Июль айында Файзабад райондук прокуратурасы келин "өз жанын кыйган" деген корутунду чыгарган.

Бирок маркумдун жакындары анын "суицидге" барганына ишенбей, ал өзүнө-өзү мынчалык көп жолу бычак сая алмак эместигин айтууда. Келиндин атасы Абдуфаттох Мисоков бир жыл бою кызынын өлүмүн акыйкат тергөө өтүнүчү менен ар түрдүү мамлекеттик органдарга кайрылып келген. 16-июнда Башкы прокуратурадан ага Абдуфаттохтун өлүмү кайра тергеле турганын билдиришкен.

"Кызым медайым болгону менен жөнөкөй ийнеден да коркчу. Ал өзүнүн курсагына төрт, мойнуна 14 жолу кантип бычак сайды? Бир колуна беш жолу, экинчи колуна бир жолу бычак сайылган. Эгер ал өмүрүн кыйгысы келсе барып асынып эле алмак да", – деди маркумдун атасы.

Манора Абдуфаттохтун артында үч кичинекей баласы калган. Соттун чечими менен алар күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилген. Окуя болгон учурда келиндин күйөөсү Орусияда иштеп жүргөн. Анын жакындары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып келишет.

XS
SM
MD
LG