Ссылки доступа

Тажикстанда "Комиссия 44түн" бадахшандык эки мүчөсү соттолду


Хужамри Пирназаров менен Шафтолу Бекдавлатов

Душанбе соту былтыр ноябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн "Комиссия 44түн" эки мүчөсү – Хужамри Пирназаров менен Шафтолу Бекдавлатовду 18 жылдан эркинен ажыратты.

29-июнда чыккан бул өкүм боюнча сот да, прокуратура да эч кандай комментарий берген жок.

Тоолуу Бадахшандагы активисттердин айтымында, соттолгондор "мыйзамсыз митингди уюштурган" деп айыпталган. Апта башында прокурорлор соттон алардын ар бирин 20 жылдан эрктеринен ажыратууну өтүнгөн.

"Комиссия 44" былтыр ноябрь айында болгон Тоолуу Бадахшандагы митингдерден кийин түзүлүп, курамына облустагы жарандык коомдун активисттери жана Башкы прокуратура менен Аскердик прокуратуранын алты өкүлү кирген.

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы абал өткөн жылы күч түзүм кызматкерлеринин Рошткалы районундагы операциясы маалында жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен. Аймактын борбору Хорог шаарында анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен өткөн нааразылык акциясы төрт күнгө созулуп, жыйынтыгында эки киши өлүп, 17си жараат алган. Акция бийлик өкүлдөрү Зиёбековдун өлүмү боюнча акыйкат тергөө жүргүзүүнү жана митингге чыккандарды куугунтуктабоону убадалагандан кийин гана аяктаган.

Быйыл май айынын аягында тажик күчтөрүнүн Тоолуу Бадахшандагы атайын операциясынан кийин "Комиссия 44түн" онго жакын мүчөсү кармалып, Душанбеге жеткирилген. Анда булактар кармалган жарандар Европада жашаган тажик оппозициясынын өкүлдөрүнөн акча алууга шектелип жатканын билдирген. Азырынча соттолгон Пирназаров менен Бекдавлатовдун ишинде бул айыптардын болгон-болбогону белгисиз. Анткени бийлик алардын сотуна жакындары менен көз карандысыз журналисттерди киргизген жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстандын күч түзүмдөрү быйыл май айында жүргүзгөн Тоолуу Бадахшандагы операциянын жыйынтыгында 16 киши өлтүрүлүп, 220 адам кармалган. Бейрасмий маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 40ка жакын.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG