Ссылки доступа

CPJ тажик бийлигин журналист Анора Саркоровага басым жасоону токтотууга чакырды


Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) тажик бийлигин көз карандысыз журналист Анора Саркоровага карата басымды токтотууга жана өлкөдөгү окуяларды эркин чагылдырууга тоскоолдук кылбоого чакырды.

Комитеттин 29-июнда жарыяланган билдирүүсүндө журналисттин маалымат булактарын билүү үчүн анын жакындарын камакка алуу – Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларды көз карандысыз чагылдырууга тоскоолдук кылуу аракети катары бааланган.

Тажикстан ИИМинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 27-июнда Анора Саркорованын агасы менен апасын кармап кетишкен.

Европа өлкөлөрүнүн биринде жашаган Саркорова Тоолуу Бадахшандагы окуяларды соцтармактарда активдүү чагылдырып келет.

Журналисттин айтымында, сурак маалында милиция кызматкерлери негизинен анын көз карандысыз журналист катары ишмердүүлүгүнө кызыгышкан. Буга чейин Тажикстандык Улуттук коопсуздук комитети Саркорованын Памирдеги туугандарын да суракка чакырган.

Журналист бийлик мындай жол менен "өлкөдө адам укуктарынын жапырт бузулуп жатканы тууралуу айткандардын оозун жабууну" каалап жатат деп эсептейт.

Анора Саркорова 2018-жылга чейин "Би-Би-Синнин" орус кызматынын Тажикстандагы кабарчысы болуп иштеген. Журналисттин айтымында, бийликке анын Тоолуу Бадахшандагы окуяларды көз карандысыз чагылдырганы жакпай калып, анын аккредитация мөөнөтүн узартуудан баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG