Ссылки доступа

Бадахшандык мушкерге чыккан өкүм өзгөртүүсүз калтырылды


Чоршанбе Чоршанбиев. Соцтармактардан алынган сүрөт
Чоршанбе Чоршанбиев. Соцтармактардан алынган сүрөт

Душанбе шаардык соту блогер жана белгилүү ММА мушкери Чоршанбе Чоршанбиевге чыккан өкүмдү күчүндө калтырды.

13-майда Душанбе шаардык Исмоили Сомони райондук соту Чоршанбиевди 8 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ал Интернет аркылуу конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого күнөөлүү деп табылган. Чоршанбиев сотто өкүм менен макул эмес экенин билдирген.

Соттолуучунун адвокатынын айтымында, шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып, кассациялык арызды четке каккан.

Тажик бийлиги мушкердин иши боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тартып келет.

Тоолуу Бадахшандан чыккан Чоршанбе Чоршанбиев акыркы жылдары Орусияда жашап жүргөн жана 2016-жылдан тарта таймаштын аралаш түрлөрүнө катыша баштаган. Ал 2021-жылы 30-декабрга караган түнү Орусиядан депортациялаган. Аны Душанбе аэропортунда тажик атайын кызматынын өкүлдөрү кармап кетишкен.

Душанбенин Шохмансур райондук прокуратурасы Чоршанбиевге каршы "Раса, улут, аймак жана дин аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга ачык чакырык жасоо" беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Тергөөнүн жүрүшүндө андан биринчи берене боюнча тагылган айыптар алынган.

2021-жылы 25-ноябрда Хорогдо 29 жаштагы Гүлбиддин Зиебековдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Мушкер памирликтерди колдоп, кишилердин өлүмү үчүн тажик бийлигин күнөөлөгөн видео кайрылуу жасаган.

Мушкердин кайрылуусу кылмыш ишин козгоого негиз болгон.

XS
SM
MD
LG