Ссылки доступа

Казакстандын Тенгиз кениндеги кырсыктан эки жумушчу каза болду


Казакстандын Атырау облустук саламаттык сактоо башкармалыгы Тенгиз кениндеги кырсыкта жабыркаган жумушчулардын абалы тууралуу маалымат берди.

"Жабырлануучулардын бири учак менен облустук ооруканага жеткирилген. Азыр аны дарыгерлер карап жатат. Экинчи жабырлануучу Жылыой райондук ооруканасында. Ал жамбаш сөөгүнөн жаракат алган, абалы орто оор деп бааланууда. Дагы бир жабырлануучуга "Клиника ТШО" медициналык мекемесинин кызматкерлери психологиялык жардам көрсөтүп жатышат", – деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

6-июлда Атырау облустук полиция департаменти Тенгиз кенинде куур жарылганда эки киши каза таап, үч жумушчу жарадар болгонун билдирген.

Облустук акимчилик кендин жараат алган жана каза болгон жумушчуларынын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүүнү убадалады. Кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Тенгиз кени Каспий деңизинин түндүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Аны 1993-жылдан бери "Тенгизшевройл" биргелешкен ишканасы иштетип келет.

XS
SM
MD
LG