Ссылки доступа

Улуттук банк доллардын курсун дээрлик үч сомго чейин жогорулатты


Улуттук банк 8-июлга карата АКШ долларынын курсун 82,37 сом деп белгиледи. Бир күн ичинде ал дээрлик үч сомго кымбаттады.

Муну менен акыркы айда доллардын наркы биринчи жолу расмий түрдө жогорулады. Июндун башынан бери ал 79,50 сом деңгээлинде сакталып келген.

Соңку күндөрү доллардын базардагы баасы да көтөрүлүп жатат. 7-июлда алмаштыруу жайларында АКШ валютасы 84 сомдон сатылып, сатып алуу 83 сомду түздү.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып, валюта базарында туруксуз кырдаал жаралды.

Марттын ортосунда бир доллар 105 сомго чейин көтөрүлүп, апрелдин башында 81,5 сомго түшүп калган.

Ошол эле маалда өлкөдө нак доллар тартыштыгы жаралып, банктар чектөө киргизди.

Учурда айрым банктар кардарлардын эсебинен накталай доллар алууда 5% чейин комиссия кармап калып жатат.

Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырган.

Бул арада накталай доллар Орусияга чыгарылып жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG